• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Кумтөрдөгү карьерде жарака пайда болгону айтылып, комиссия түзүлдү

27 Бугу 2022 11:20 Бишкек Govori.TV

«Кумтөр» кенинин «Борбордук» карьериндеги чыгыш жана түндүк-тыгыш капталдарынын кыймылынын ылдамдыгы тездегенине байланыштуу комиссия түзүлдү.

Маалым болгондой, ведомстволор аралык комиссия бир жумалык мөөнөттө “Кумтөр” кенинин “Борбордук” участогунун чыгыш жана түндүк-чыгыш тарабында кыймылдын ылдамдыгынын себептерин аныкташы керек. Ошондой эле, комиссия мүчөлөрү «Кумтөр Голд Компаниге» биринчи кезектеги чаралар тууралуу сунуштарды берет.

 “Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингинин жетекчиси Тенгиз Бөлтүрүк  жарака жеткен жерден адамдар, техника коопсуз жайга көчүрүлгөнүн «Азаттыкка» билдирген.

«Адистерди чакыртып, изилдеп жатабыз, бул эми табигый көрүнүш да. Ушундай учур 2002-жылы болгон, 2006-жылы да жылып кеткен. Тоо чоң жерден казылган, карьер абдан чоң: анын узундугу үч, туурасы эки, тереңдиги бир чакырым. Ушундай учурда жылыштар болот»,-деген ал.

Белгилей кетсек, буга чейин катуу жааган жаан-чачындар, кардан улам Кумтөр кенинде “Борбордук” карьеринин чыгыш жана түндүк-чыгыш тарабынан жер кыртышынын жылышы тездегени маалым болгон.

Количество просмотров: 130