• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

«Кумтөрдү» иликтөө боюнча түзүлгөн комиссиянын ишинин биринчи этабы аяктады

20 Бугу 2021 10:29 Бишкек Govori.TV

«Кумтөр» кенин иликтөө боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын ишинин биринчи этабы аяктады. Бул тууралуу бүгүн, 20-майда «Кумтөр» кенинин ишин иликтеген мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, экинчи этапта «Кумтөрдү» иштеткен комиссиянын ишмердүүлүгү дагы иликтенет.

«Комиссия өзү укук коргоо органы же сот эмес. Бирок комиссиянын милдети 2013-жылы мамлекеттик комиссиянын жыйынтыктары боюнча Жогорку Кеңеш менен өкмөттүн токтомдору аткарылганбы же жокпу ошону кароо. Экинчиден «Кумтөр» кени канчалык эффективдүү иштеп, Кыргызстандын кызыкчылыгынын короголушуна анализ жүргүзүп, 1992-жылдан берки маалыматтарды топтоп берүү. Керектүү маалыматтарды биринчи этапта топтоп бүтүрдүк», — деди Жапаров.

Эске салсак, 7-май күнү Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту “Кумтөр Голд Компани” ишканасын экологияга тийгизген залакасы үчүн деп мамлекетке 261 миллиард 719 миллион 674 сом (3 миллиард доллардан көбүрөөк) төлөөгө милдеттендирген.

Ага чейин Жогорку Кеңеш министрлер кабинетине ишкананы сырттан башкарууга мүмкүндүк бере турган мыйзам долбоорун жактырган. Президент Садыр Жапаров 14-майда бул мыйзамга кол койгон. Мындан улам канадалык Centerra Gold Inc. компаниясы Кумтөр кенине байланышкан окуяга комментарий берген. 11-май күнү УКМК “Кумтөр голд компани” ишканасынын жетекчилери Кыргызстандан чыгып кеткенин билдирди.

Ал арада “Кумтөрдүн” ишин иликтеген мамкомиссия Centerra Gold Inс. менен кенге байланыштуу бардык келишимдерди жокко чыгарууну сунуштады. Анда 3,086 миллиард экологиялык зыян жана 1,166 миллиард салык төлөмдөрү боюнча, жалпысынан 4,3 миллиард доллар боюнча доо арыз берүү каралган. Кечээ, 17-майда Жогорку Кеңеш Кумтөр алтын кенин убактылуу тышкы башкарууга алуу сунушун колдоду.

“Кумтөр” Кыргызстандагы эң ири алтын кени — анын аянты 26,3 миң гектарды түзөт. Кенди 1992-жылдан бери канадалык Centerra Gold Inc. компаниясы иштетип келет.

Количество просмотров: 102