Алмазбек Атамбаев Орусияга 22-октябрда кеткен. Анын алдында КСДП мурдагы президент 22-23-октябрда Санкт-Петербургда жеңесинин тажиясына барып, 24-27-октябрда Москвада өтө турган саясий партиялардын эл аралык жыйынына катыша турганын, мекенине жекшемби күнү кайтаарын маалымдаган.
Атамбаевдин Орусияга кетип баратканын аны менен бир учакка түшкөн Бишкектин мурдагы Нариман Түлеев социалдык тармактарга жарыялап, экөө чогуу түшкөн сүрөттөрдү да жайгаштырган.
Коомчулукта «экс-президент качып кетти» деген пикир күч алган.