Бишкек.30.10.2018.Govori.TV
Бүгүн Бишкек шаарындагы ири тойканалардын биринде ырчы Курал Чокоев жана жубайы Жанаранын заманбап үйлөнүү тою өтүп жатат. Бул тууралуу анын достору жеке баракчаларына бөлүшүп кабардар кылышууда.
Курал Чокоевдин жубайы Ысык-Көлдүн ак куусу Жанара, учурда 27 жашта.
Ырчы сүйүктүүсү менен Көл жээгинде таанышып, үйлөнүү тууралуу сунушту ушул жылдын август айында Турцияда эс алып жүргөн учурунда киргизген.
Таланттуу ырчы берген маектеринде жубайын бир көрүп сүйүп калганын айтып келет. Ал түгөйүнүн колун сурап жатканда дагы сүрдөп, толкунданганын айткан жайы бар.
Эскерте кетсек, Жанаранын кыз узатуу тою 24 сентябрда Чолпон-Ата шаарында өткөн эле.