Бишкек. 09.04.2019. Govori.TV.
Искандаров Курбанбай Алибаевич берген арызына ылайык, өкмөттүн аппарат жетекчисинин биринчи орун басары – өкмөттүн чек ара маселеси боюнча атайы өкүлү кызматынан бошотулду.
Тийиштүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон, — деп билдирет өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.