• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Курман айт күнү эски аянттын айланасындагы айрым көчөлөрүнө чектөө киргизилет

17 Баш оона 2018 13:04 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 17.08.2018. Govori.TV
Курман айт күнү, 21-августта эски аянттын айланасындагы жолдорго убактылуу чектөө киргизилет. Бул тууралуу Бишкек ШИИББден маалымдашты.
Ошондой эле Курман айт намазы учурунда коомдук тартип менен коопсуздукту сактоо үчүн борбордук жана эски аянтты, калаадагы бардык мечиттерди эки миңден ашык милиция кызматкери көзөмөлгө алат.
21-августта чектөө киргизиле турган көчөлөр:
— Фрунзе көчөсү — Панфиловдон Эркиндикке чейин;
— Абдымомунов көчөсү — Панфиловдон Тыныстановго чейин;
— Орозбеков менен Раззаков көчөлөрү — Чүйдөн Фрунзеге чейин.
Шаардык милиция укук коргоочулардын талаптарына түшүнүү менен мамиле жасап, шектүү буюм-тайымдарды байкап (жанына барып кармалоого болбойт) калгандар болсо 102 кызматына кабарлоого чакырат.
Количество просмотров: 26