• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Курман айтта курмандык чалуунун эрежесин билесизби?

16 Баш оона 2018 12:54 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 16.08.2018. Govori.TV
Айт күнү — майрам күнү! Өлгөн жакындарды эстеп ый, кайгы менен өткөрө турган күн эмес.
Шариятта жылына эки чоң майрам бар. Бири орозо айт майрамы, экинчиси Курман айт майрамы. Бул эки майрамда мусулмандар сүйүнүп жаңы кийимдерди кийип, үй-бүлөсү менен туугандары, достору, кошуналары менен чогулуп күлүп-жайнап бири бирине конок болуп, белек тартуулап, өткөн-кеткен жакшылыктар жөнүндө аңемелешип өткөрө турган күн. Андыктан майрамды майрамдай тосуп, майрамдай күлүп жайнап Аллага шүкүр кылүү менен өткөрүш керек. Бирок бул күн кээ бирөөлөр түшүнгөндөй өткөн жакындарын эстеп көшөгөнүн артында өкүрүп ыйлап , куран окутуп, таң ата электе кабырына баруу күнү эмес. Бул амал, салт, адат шариятта жок нерсе.

Курманчылык кылуу кимдер үчүн?

  1. Акыл-эси сак саламат
  2. Мусулман
  3. Сапарда болбогон
4.Балагатка жеткен
5.Колунда бар
Ушул беш шарт бир адамдан  табылган болсо ал адам үчүн курманчылык кылуу милдет  болуп эсептелет.
Айт намазга чейин курмандык чалса болбойт.   Эгер Курман айт күндөрү өтүп кетип, кандайдыр бир себептер менен курмандык кыла албай калса, ошол малдын баасын кедей-кембагалдарга садака кылса болот.

 

Курмандык кылууга кандай мал жарайт?

Курмандыкка  чала турган жаныбарлар:

1.Төө
2. Уй
3. Бука
4. Кой
5. Эчки
Жети адам биригип бир уй, же бука, же төө союп курмандык кылса болот бирок,  баарынын ниети эт жеш үчүн эмес курмандык үчүн болуу керек. Эгер бир эле адам уй же төө сойгон болсо анда дагы жакшы.
Кой, эчкинин жашы бир жашар болуу керек, бирок  козу бир жашардай көзгө толумдуу көрүнсө, анда андай мал дагы курмандыкка жарайт.
Уй, бука, эки жашар; төө беш жашта болуу керек. Андан жашыраагы курмандыкка жарабайт.
  1. Эгер кайсы бир малдын мүйүзү тубаса жок, токол болсо же ортосунан сынып калса, ал малды сойсо болот.
  2. Эгер мүйүзү түбүнөн сынып анын себебинен мал оорукчал болуп калса (баш айланма),  андай мал курмандык кылууга жарабайт.
  3.  Бычылган малды курмандык кылуу жакшыраак болот.
  4. Эки көзү, же бир көзү көрбөгөн, же чолок мал курмандык кылууга болбойт. Ошондой эле союла турган жерге чейин өзү басып бара албаган оорулуу мал дагы курмандыкка жарабайт.
  5.  Кайсы малдын үчтөн бир бөлүгүнөн көбүрөөк кулагы же куйругу кесилген болсо ал дагы курмандыкка жарабайт.
  6. Кайсы малдын тишинин бардыгы, же көпчүлүгү жок болсо, ал дагы курмандыкка жарабайт. Ошондой эле кайсыл малдын кулагы тубаса жок болсо, аны дагы курмандык кылууга болбойт.
  7. Эгер айыбы жок малды  сатып алгандан, кийин ошол малдан кандайдыр бир айыбы чыкса (курмандык кылууга болбой турган ) жана сатып алган адам бай эмес (зекет алган адам ) болсо, анда ал үчүн ошол малды курмандык кылса болот. Ал эми сатып алган адам бай (зекет берген адам) болсо, анда ага башка айыбы жок мал сатып алып, курмандык кылуу зарыл.
Количество просмотров: 104