Быйыл кыргыз жергесинде Курман айт майрамы 21-августта белгиленери болжолдонууда. Бул тууралуу мусулмандар дин башкармалыгынын басма-сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Курман айт орозо аяктагандан кийин 70 күндөн кийин белгиленет. Мындан улам быйылкы Курман айт майрамы 21-августка туш келип калышы мүмкүн. Майрамдын так күнү 15-августтан кийин белгилүү болот.
Эске салсак, быйыл Кыргыстанда Рамазан айы 14-июнда аяктап, 15-июнда Орозо айт белгиленген. Ал эми 2017-жылы Курман айт майрамы 1-сентябрга туш келген.