• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Курманбек Бакиевдин инисинин кызы Кыргызстанга 100 электромобиль алып келет

15 Бештин айы 2021 14:03 Бишкек Govori.TV

Мурнуку президент Курманбек Бакиевдин бир тууганынын кызы Сымбат Маратбек 2022-жылы Кыргызстанга 100 электромобиль алып келет. Бул тууралуу ал журналисттерге билдирген.

Анын айтымында, учурда Кыргызстанда 400дөй электромобиль бар.

«Биз Кыргызстандагы таксилерди жана коомдук транспортту электромобилге өткөрүү аракетин жасап жатабыз. Учурда «Намба» такси кызматы бизден 10дон ашуун электромобиль сатып алды. 2022-жылдын январь айында Кыргызстанга дагы 100дөн ашуун электромобиль алып келебиз. Андан сырткары соода борборлорунда жана башка стратегиялык имараттарда электромобилдерди кубаттоочу станцияларды куруп жатабыз», — дейт Spark электромобиль ташуучу жана сатуучу компаниянын директору Сымбат Маратбек.

Ал кошумчалагандай, 2022-жылдын 1-январына чейин электромобилдер үчүн бажы алымы, кошумча нарк салыгы жок болгондуктан чоң жеңилдик бар.

Сымбат Маратбек өлкөдөн качып кеткен президент Курманбек Бакиевдин иниси, Кыргызстандын Германиядагы мурдагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Марат Бакиевдин кызы.

Количество просмотров: 3455