• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Кумтөр иши: Сот Бакиевди 10 жылга сыртынан кести

12 Кулжа 2023 9:09 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиев Кумтөр иши боюнча күнөөлүү деп табылып, мүлкүн конфискациялоо менен 10 жылга сыртынан кесилди. Мындай өкүмдү Бишкектин Биринчи май райондук соту 2023-жылдын 1-мартында чыгарган.

Соттун өкүмүнө ылайык, Бакиев Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренесинин 2-бөлүмү боюнча айыптуу деп табылган. («Уюшкан топтун, кылмыштуу коомдоштуктун кызыкчылыгында жасалган же оор залал алып келген ошол жосун»). Мындан сырткары ал жаза мөөнөтүн өтөп бүткөндөн кийин үч жыл мамлекеттик кызматтарда иштей албайт.

«Кумтөр боюнча 10 жылга соттолсун деп чечим чыкты. Мурда башка дагы сот чечимдери болгондугуна байланыштуу, мурдагы чечимдерге кошуп жалпы 30 жылга соттолду», — деди соттун басма сөз катчысы Темир Ильясов.

Мындан сырткары Биринчи май райондук соту ушул эле иш боюнча Максим Бакиевге, анын өнөктөшү Алексей Елисеевге жана Геология жана минералдык ресурстар агенттигинин мурдагы жетекчиси Капар Курманалиевге дагы өкүм чыгарган.

Өкүмдө 2009-жылы ошол кездеги президент Бакиевдин калкалоосу менен Кумтөр кени боюнча кыргыз өкмөтүнүн, “Кыргызалтын” ишканасынын, “Центерра Голддун”, “Кумтор Голд Компанинин” жана “Кумтор Оперейтинг Компанинин” ортосунда түзүлгөн келишим Кыргызстандын кызыкчылыгына туура келбегени айтылат.

Май айынын ортосунда Улуттук Курултайдын Аксакалдар кеңешинин төрагасы, Улуттук телерадиокомпаниясынын кызматкери Кадыр Кошалиевдин Минск шаарына барып, качкын президент Бакиевден алган интервьюсу интернетте тараган.

2010-жылы элдик толкундоодон кийин бийликтен кетип, Беларустан башкалка тапкан Бакиев 50 мүнөттүк интервьюда өзү бийликте тургандагы өлкө экономикасы, өндүрүштүн абалы тууралуу айтып, кандуу окуяларга байланыштуу суроолорго да жооп берген. Ал ошондой эле 2010-жылдагы Апрель окуясы боюнча сотко Беларустан онлайн катышууга даяр экенин айткан.

Май айынын соңунда президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттиги менен болгон маегинде азыркы бийликтин Бакиевди Кыргызстанга алып келүү планы жок экенин, эгер ал келсе соттун чечимине ылайык камаларын айткан.

Количество просмотров: 68