Курманбек Бакиев Кыргызстанга келе турган болсо, чек арадан өтөрү менен камалат. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев өзүнүн социалдык баракчасынан билдирди.
Ал Конституциялык сот көз карандысыз экенин, анын чечимине бүгүнкү бийликтин эч кандай тиешеси жок экенин айткан.
«Курманбек Бакиев боюнча Жогорку соттун өкүмү күчүндө турат. Ошондуктан эгерде Курманбек Бакиев Кыргызстанга келе турган болсо чек арадан өтөрү менен камалат», — деди УКМК жетекчиси.
Кечээ Кыргызстандын Конституциялык соту 2010-жылы Апрель ыңкылабында бийликтен кулатылган Курманбек Бакиев боюнча чыккан сот өкүмү кайра каралууга жатат деген чечим чыгарды.