• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

«Күтүүсүз болду». Бакиев экс-президенттердин жолугушуусу тууралуу

28 Бирдин айы 2023 10:09 Бишкек Govori.TV

Бозгун президент Курманбек Бакиев 27-февралда NazarNews’ка маек курду. Анда ал президенттердин жолугушуусу тууралуу комментарий берип, мындай форматтагы жолугушуу баары үчүн күтүүсүз болгонун айткан.

«Сөзсүз түрдө оң баалайм. Бул демилге анын саясатчы катары жетилгенин көрсөтөт, биздин мамлекет үчүн гана эмес, бүткүл дүйнө үчүн дагы азыркы опурталдуу абалда ал коомду ынтымакка келтирүүнү көздөп жатат, ал жолугушууда Садыр Жапаровдун өзүнүн жеке кызыкчылыгы болгон эмес. Баардык маселелер менен байланыштуу ал мурдагы президенттерди туш келди күнөөлөп-сындап, популизм жолун тандап алса болмок, бирок Жапаров оңой эмес, анткен менен туура жол тандады жана бул – анын адам катары дагы, саясий жактан да өскөнүн көрсөтөт. Жалпысынан алганда, жолугушуу тынч эле өттү, ага катышкандын баары Садыр Жапаровдун демилгесин колдоого алды жана жыйынтыгында – жеке араздашууларды четке чыгарып, элдин биримдиги үчүн тигил – муну, бул – тигини колдогон адам деп элди бөлүп-жарууну токтотуп, иштин мазмундуулугу тууралуу ойлош керек деген чечимге келдик. Кошумчалай турган дагы бир гана нерсе, мындай форматтагы жолугушуу мен үчүн эле эмес, бардыгыбыз үчүн күтүүсүз болду.  Анткени жолугушууга келгендердин биринчи реакциясынан эле байкалып турду»,-деген ал.

Белгилей кетсек, 18-февралда Садыр Жапаров мурдагы президенттерди бир дасторконго чогултканын, алар бири-бирин кечиришкенин жазган. Жолугушуу БАЭнин Дубай шаарында өткөн. Бул окуя коомчулукта ача пикирлерди жаратты.

Количество просмотров: 250