• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Шакиев Беларуста Бакиев менен жолукканбы?

10 Тогуздун айы 2023 9:56 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Беларуста расмий иш сапары менен жүргөн кезде мурунку президент Курманбек Бакиев менен жолукканы айтылды. Бул тууралуу блогер Кундуз Ажибекова маалымдаган.

Анын айтымында, Жогорку Кеңештин депутаттары Бактыбек Сыдыков, Элмурза Сатыбалдиев жана Нурланбек Шакиев өлкөнүн мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин сыйлуу коногу болушкан.

Бул арада ЖК төрагасынын басма сөз катчысы Алтынбек Деркембаев бул боюнча билдирүү таратып, маалыматты жалган деп атады.

«Бардык жолугушуулар эки мамлекеттин протоколдук кызматы, күзөт кызматы менен биргеликте жасалат. Болгон жолугушуулардын баардыгы ачык, расмий өткөрүлөт. Мен өзүм жана ошондой эле элчиликтин ондогон кызматкерлери коштоп жүрдүк, эч кандай Курманбек Бакиев менен жолугушуу болгон жок. Калп маалыматты жазып, бөлүшүүдөн карманууңуздарды суранам», — дейт Деркембаев.

Кошумчалай кетсек, Шакиев Бакиев бийликте турганда анын басма сөз катчысы болуп иштеген жана ага кеңешчи болгон.

Июнь айында сот Бакиевди Кумтөр ишине байланыштуу күнөөлүү деп таап, мүлкүн конфискациялоо менен 10 жылга сыртынан кескен. Мындай өкүм март айында чыгарылганы ачыкка чыккан.

Курманбек Бакиев 2005-жылдагы Март ыңкылабында бийликке келип, 2010-жылдын 7-апрелинде 87 адамдын өмүрү кыйылган элдик толкундоодон кийин жакындары менен чет өлкөгө качып кеткен. Ушул тапта Беларуста баш калкалап жүрөт.

Количество просмотров: 145