• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Курманкул Зулушев агынан жарылды (видео)

11 Чын куран 2018 14:59 Бишкек Govori.TV
Бишкек 11.04.18 Govori.TV

«Соттор адилетсиз чечимдерди чыгарып, миңдеген жарандардын тагдырын талкалады. Алмазбек Атамбаев айткан сот системасынын реформасы туңгуюка барып такалды. Чет элдик грантка, сот системасынан алыс адамдар тарабынан жазылган мыйзамдар жакшы талкууланбай, чийки бойдон кабыл алынган. Ошондуктан кодекстердин баардыгын шашпай отуруп, кайра карап чыгуубуз керек. Соттун өкүмдөрү сот тарабынан эмес, Жогорку Соттун төрайымы Айнаш Токбаева тарабынан дагы эмес, Президенттин аппаратында отурган Манас Арабаев тарабынан чечилээри баарыбызга маалым болуп калды. Саясатчылар тууралуу кабыл алынган чечимдердин баардыгы Манас Арабаев тарабынан чечилет. Жаман аты кысымга кабылган соттордо калат,-деди Курманкул Зулушев.

Количество просмотров: 24