• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Курманкул Зулушев, депутат: “Сот реформасы болгон жок, талкалоо болду”

16 Бугу 2018 10:26 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 16.05.2018. Govori.TV

“Сот реформасы эмес, талкалоо болду деп айтыш керек”. Бул сөздү ЖКнын комитет жыйынында эл өкүлү Курманкул зулушев Жогорку Соттун төрайымы  Айнаш Токбаевага карата айтты. Анын пикиринде, Кыргызстандагы сот бийлигинин туура эмес жолго түшкөнүнө төрайымдын да тиешеси бар.

“Бүгүн өзүңүз да, орун басарыңыз да соттордун квалификациясы тууралуу айттыңыз. Туура эмес соттор тандалды, тажрыйба жок. Биринчи май, Свердлов, Ошто санкцияга алып келсе эки жылдан өкүм чыгарып жиберген окуялар болду. Фактылар кездешти. Мунун баары сот системасын талкалоо болду. Сот системасында прициптер жоголду. Президентке кирип, «тармакты жолго койбосок болбойт, бул туура эмес» деп айтыш сиздин милдетиңиз эле”,-деди депутат.

Эске сала кетсек, «Бир бол» фракциясынын депутаты Алтынбек Сулайманов да 15-майда иштен алынган президенттик аппараттын сот реформасы жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы башчысы Манас Арабаевдин сотторго басым жасап, көрсөтмө берип келгени коомчулукта талкууланып жатканын айтып, сот системасындагы мындай алашемдиктер тезинен аягына чыгышы керектиги айтты.

Количество просмотров: 29