Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы менен тынчтык келишими боюнча сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына карабастан Кыргызстан утушта калат. Бул тууралуу журналисттерге «Кумтөр Голд Компанинин» аткаруучу директору Канат Курманов маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, компания быйыл өндүрүлгөн алтындын көлөмүн көбөйтүү максатында геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүнү көздөп жатат.
«Азыркы учурда «Кумтөр Голд Компани» Лондон фонддук биржасында 3 миллиард доллардын тегерегинде бааланат. Кыргызстан «Центерра Голд Инк» компаниясынын активдеринин 26 пайызынан жыл сайын алып жаткан дивиденддери 2 миллион 200 миң доллар, башкача айтканда, бүткүл иштеген мезгил үчүн 84 миллион доллардын тегерегинде болгон. Азыр алтындын запасы 10 жылга эсептелген. Жана дагы иштетиле элек «куйруктардагы» калдыктарда 100 тонна алтын бар, аны да келечекте кайра иштетүүнү пландап жатабыз, бул дагы 7 жыл деп кошсок болот», -деди ал.
Ал белгилегендей, жыл сайын учурдагы капиталдык каражаттарды эсепке албаганда «Кумтөр Голд Компани» Кыргызстандын бюджетине 200дөн 400 миллион долларга чейин түшүрө алат.