Бишкек шаардык соту ички иштер министринин мурдагы орун басары, генерал Курсан Асановго чыккан өкүмдү күчүндө калтырды. Маалыматты жактоочу Икрамидин Айткулов тастыктады.
Маалыматка ылайык, Асанов 26-мартка чейин абакта болот.
Курсан Асанов Жазык кодексинин 245-беренесинин 1-пункту («Имаратты жана мекемени басып алуу») боюнча айыпталып, 26-январда кармалган. Жактоочулары соттун чечимин мыйзамсыз деп эсептеп, Бишкек шаардык сотуна кайрылган болчу.