• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Курсан Асанов абактан чыкты

4 Жетинин айы 2020 18:07 Бишкек Govori.TV


Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов үй камагына чыкты. Бул тууралуу Gоvori.TVга жактоочусу билдирди.

«Биринчи Май райондук соту бүгүн, 4-ноябрда Асановду үй камагына чыгарды»,-деп билдирди жактоочу.

Белгилей кетсек, буга чейин Асановду колдоо митингдери өтүп жаткан.

Эске салсак, 12-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту Курсан Асановду 10-декабрга чейин камакка алган. Ал 5-9-октябрдагы Бишкектеги массалык башаламандыктарга байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында 10-октябрда кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген. Ал эми 29-октябрда Бишкек шаардык соту райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. 2-ноябрда УКМКнын имаратынын алдына Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун тарапташтары нааразычылык акциясына чыгышкан болчу.

Количество просмотров: 1106