• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Курсан Асанов камакка алынды

14 Аяк оона 2021 19:58 Бишкек Govori.TV

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов камакка алынды. Бул тууралуу Govori.TVга анын адвокаты тастыктады.

Анын айтымында, ал бүгүн ИИМде сурактан соң кармалган. Курсан Асанов Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Ага КР Кылмыш-жаза кодексинин 309 -беренеси (бийликти күч менен басып алуу) боюнча айып тагылган.

Ал 2020-жылдагы октябрь окуялары тууралуу суракка чакыртылган, ал кылмыш ишинин материалдары менен таанышат.

Эске салсак, Асановго карата үч кылмыш иши козголгонун Башкы прокуратура 2020-жылдын февраль айында билдирген.

Биринчиси боюнча ИИМдин эки кызматкерин өзүнө мыйзамсыз жол менен жеке иштери үчүн жардамчы жана жансакчы кылып дайындап алгандыктан, мамлекетке 793 миң сом зыян келтирилген деп кине коюлууда.

Экинчиси боюнча Асанов өзү жана өкүл баласы Турсунбек Бейшенбеков мурдагы вице-премьер Разаковду өтө оор кылмыштарга айыптаган жалган маалыматтарды таратууга айыпталууда. Үчүнчү иш 2019-жылдагы Кой-Таш окуясына байланыштуу. Ал боюнча Асановго «тергөө үчүн маанилүү далилдерди жашырып, кийин аларды мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлерине өткөрүп берген» деген негиздеги айып коюлган.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту буларды бир ишке бириктирип, чогуу карап карап жатат.

Быйыл январь айында Асановго «Имаратты жана мекемени басып алуу» деген берене боюнча да айып тагылган. Асанов азыр үй камагында болчу.

Количество просмотров: 4907