• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Курсан Асанов камакта калтырылды

2 Бирдин айы 202217:30 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 2-февралда Бишкек шаардык сотунда Курсан Асановдун баш коргоо чарасы каралды.

Шаардык соттун басма сөз кызматы кабарлагандай, 2020-жылдын октябрь окуяларына байланыштуу К. Асановдун баш коргоо чарасы өзгөртүлдү. Бирок ага байланыштуу башка кылмыш иштери болгондуктан №50 тергөө абагында камакта калтырылды.

Эске салсак, Курсан Асанов 2020-жылдын 6-октябрында ИИМдин жетекчилигине келип, бир нече күндөн кийин иштен кеткен. Өткөн жылы ага 2020-жылдын октябрындагы окуяларга байланыштуу Жазык кодексинин 245-беренесинин 1-бөлүгүнүн («Имараттарды жана курулмаларды басып алуу») негизинде айып тагылган.

Количество просмотров: 251