• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Курсан Асановдун «Бүтүн Кыргызстанга» кошулганы радикал оппозицияны күчтөнттү!

18 Баш оона 2020 11:19 Бишкек Govori.TV

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясы менен шайлоого бара турганы белгилүү болду.

Бүгүнкү күндө Биринчи май райондук сотунда  Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун соттук иши каралып жатат.  Курсан Асанов  2019-жылы 13-августта “милиция кызыкчылыгын сатты жана ишенимден кетти” деген негиз менен кызматынан алынган. 14-августта “ээлеген кызматынан кыянаттык менен пайдаланган” деген айып менен ага кылмыш иши козголуп, 27-августта Аскер прокуратурасы шектүү деп таап, Биринчи май райсоту үй камагына олтургузуу чечимин чыгарган. Тергөө органдары Курсан Асановду экс-президент Алмазбек Атамбаев менен тымызын кызматташып, анын сырдуу документтерин жашырып алып чыгып берген деген айыптарды тагууда. Ал эми Асанов өзүнө коюлган айыптарды четке кагып келет.

Белгилей кетсек, буга чейин «Ак Шумкар» партиясынын төрагасы Темир Сариев дагы «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясына кошулганын билдирген болчу. Учурда “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясы менен 7 партия бирикти.

Количество просмотров: 1219