• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Курсан Асановдун жубайы Аскер прокуратурасына суракка чакырылды

29 Жетинин айы 2019 15:26 Бишкек Govori.TV

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун жубайы Аскер прокуратурасына суракка чакырылды. Бул тууралуу Govori.TVга Асановдун жактоочулары билдирди.

Жактоочулардын айтымында, тергөөдө Курсан Асановго карата эч кандай факты, далилдер табылган эмес. Асановго жардам берген деген шек менен анын 22 жаштагы уулу Мухаммед-Алиге Башкы прокуратура издөө жарыялаган. Эми анын жубайын Аскер прокуратурасына суракка чакырып жатышат.

Эске салсак, Курсан Асанов 8-август күнү Алмазбек Атамбаевдин үйүнөн далил буюмдарды алып чыгып, жан сакчысы Дамирбек Пайзылда уулу аркылуу баласы Мухаммедге берген деген айып менен 27-августта үй камагына алынган. Башкы прокуратуранын билдиргенине караганда, Мухаммед-Али ал буюмдарды Атамбаевдин тарапташтарына бермек.

Количество просмотров: 1333