Бүгүн, 16-декабрда Экинчи Элдик курултайдын делегаты Кадыр Кошалиев сөз сүйлөп, Кемпир-Абад иши боюнча абакта жаткандар сотту ачык өткөрүүнү талап кылып жатышканын айтты.
Маалыматка караганда, Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып, Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткан оппозициялык саясатчы Азимбек Бекназаров буга чейин Элдик курултайдын катышуучуларына кайрылуу кылып, сотту ачык өткөрүүнү курултайга салуу сунушун берген.
Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 30га жакын саясатчы, активисттер 2022-жылдын октябрь айында камалган. Ушул тапта кармалган 27 кишинин 11и тергөө абагында отурат. Калгандары үй камагына чыккан.
Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон.