Бишкекте 15 жаштагы кыздын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Бишкектин Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Ведомстводон билдиришкендей, 8-майда саат 9.00дө милицияга Токомбаев көчөсүндө курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн биринен кыздын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
«15 жаштагы М.А. эч кандай жаракат табылган жок. Тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталып, өлүмдүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды», — деп билдиришти ШИИБден.
Айрым маалымат каражаттары маркум балдар үйүнүн тарбиялануучусу экенин жазышууда.