• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Курулуш компаниясынын директору Сухраб Жармухамедов кармалды

7 Үчтүн айы 202316:36 Бишкек Govori.TV

Family Village курулуш компаниясынын директору Сухраб Жармухамедов кармалды. Бул күч түзүмдөрүнөн ке абардашты.


Алардын айтымында, ал 2022-жылдын декабрь айынын аягында ички иштер министрлигинин тергөө кызматы тарабынан алдамчылыкка шектелип кармалган.


Алдын ала маалыматтар боюнча, Жармухамедов 50 миң доллар алган деп шектелүүдө.

Эске салсак, Жармухамедов Абжалиевдердин үй-бүлөсү менен шериктеш болгон.

Жармухамедовдун арызы боюнча өткөн жылдын февраль айында ЖК экс-депутаты Алиярбек Абжалиев кармалган. Кийинчерээк Абжалиев 1,2 миллион доллар зыяндын ордун толтуруп, аны кое беришкен

Количество просмотров: 12850