9-июнга караган түнү Бишкек шаарынын Матросов көчөсү, 1А (Сыр база) дарегиндеги кампалардын биринен өрт чыкты.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, жерине түнкү саат 1:30да ӨКМдин 10 өрт өчүрүү-куткаруу тобу, андан тышкары ИИМден 3 топ, Тез жардам кызматынан 1 экипаж, райондук электр станциясынан 1 бригада, «Тазалык» ишканасынан суу ташыган унаанын айдоочусу барып, өрт таңкы саат 4:39да чектөөгө алынган.
«Өрт болжолдуу 3800 чарчы метр аянтка жайылган. Ыкчам аракеттердин арты менен 22 кислород баллону, 5 пропан баллону тышка чыгарылып, ламинат материалдар, 270 чарчы метр аянтта сакталып турган тазалоочу каражаттар, ошондой эле жакын жайгашкан кампалар сакталып калган»,-деп жазылат маалыматта.
Алдын ала маалыматтарга караганда, кырсыктан жабыркаган адамдар жок. Учурда өрттү толук өчүрүү иштери уланууда.