Бишкекте унаасы менен курулуш таштандысын чыгарып, белгиленбеген жерге таштаган адамга айып пул салынды.
Аталган адамга чара көрүүнү суранган күбөлөр муниципалдык инспекцияга кайрылышкан. Бул тууралуу мериядан кабарлашты.
Ага 7 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Белгилей кетсек, өндүрүштүк, өнөр жайлык жана медициналык таштандылар контейнердик аянтчага чыгарылбашы керек. Таштанды челектери тиричилик таштандылары үчүн гана орнотулган.
Таштандылардын жогоруда аталган түрлөрүн ташып чыгуу үчүн Бишкек шаары боюнча иш жүргүзүлөөрү айтылды.