• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Курулушка лицензия берүү токтом менен жөнөкөйлөштүрүлдү

23 Теке 202410:54 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин токтому менен курулуш тармагын лицензиялоо тартибине өзгөртүүлөр киргизилди. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, токтомдо талап кылынган документтердин санын кыскартуу менен лицензия берүү процессин оптималдаштыруу жана аны ыңгайлаштыруу каралган. Ошентип, талап кылынган 23 документтин саны 8ге кыскартылды.

«Бул чаралар ишкерлер жана бизнес коомчулугу үчүн курулуш ишин жүргүзүүгө лицензия алууда жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган», — деп айтылат маалыматта.

Теги:
Количество просмотров: 92