• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Куткаруучулар 12 жаштагы баланын манжасындагы шакекти чыгарып беришти

11 Бирдин айы 2022 9:58 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарына караштуу Биринчи май районунун жашоочусу колундагы шакекти чыгара албай жаткандыгын айтып, 112 кызматына кабарлаган. Бул тууралуу КР ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, айтылган дарекке куткаруучулар барып, 2009-жылы туулган Э.Э., аттуу баланын колунан темир шакекти чыгарып беришкен.

Количество просмотров: 445