• Шаршемби 29 Жетинин айы 2023
  • Среда 29 Ноябрь 2023

Куткаруучулар ашууда калган жүк ташуучу унаанын айдоочусун издөөдө

20 сентября 2023 в 10:38 Бишкек Govori.TV

Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолундагы Калмак-Ашуу ашуусунда айдоочусу жок «МАН» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа табылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматынан билдиришкендей, күн мурун жүк ташуучу унаа ашуудан чыга албай, жолду тосуп калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине ӨКМдин үч куткаруучусу барган. «Токтоп турган унаанын ичинде айдоочу болгон эмес. Алдын ала маалыматына ылайык, ал Беларусь жараны болгон. Учурда куткаруучулар издөө ишин жүргүзүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Теги:
Количество просмотров: 985