• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Куурчак театрынын мурдагы жетекчиси Сазаев узак оорудан улам дүйнө салды

20 Жалган куран 201916:34 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 20.03.2019. Govori.TV.

КРдин эмгек сиңирген артисти, белгилүү актер Сатылган Сазаев каза тапты. Бул туурасында ал эмгектенген Токтоболот Абдумомунов атындагы академиялык драма театрдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Сазаев бүгүн эртең менен Бишкектеги ооруканалардын биринде көз жумду. Ал көп убакыттан бери боор циррозу менен жабыркап жүргөн.

Сатылган Сазаев 57 жашта эле. Кезинде Муса Жангазиев атындагы куурчак театрын жетектеген.

Количество просмотров: 15