• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Кувейт Кыргызстанга гранттык-техникалык жардам көрсөтөт 

13 Бугу 2023 12:35 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин биринчи орун басары Адылбек Касымалиев жана финансы министри Алмаз Бакетаев Кувейтте Ислам өнүктүрүү банкынын Башкаруучулар кеңешинин жылдык жыйынына катышты.

Финансы министрлигинен билдиришкендей, анын алкагында КР делегациясы Кувейттин Экономикалык өнүктүрүү фондунун Операция башкармалыгынын директору Абдулла Аль-Мусайбих менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Касымалиев Кыргызстандагы суу менен камсыздоо жана канализация системасын өнүктүрүү жаатындагы калктын социалдык деңгээлин көтөрүүгө багытталган долбоорду ишке ашыруу маселесин кароону сунуштады.

Кувейт тарап 1 млн АКШ долларын түзгөн инфраструктуралык долбоорлордун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу үчүн гранттык-техникалык жардамды бекитүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө маалымдады. Муну менен катар Кувейт Фонду менен биргелешкен долбоорлорду туруктуу ишке ашырууга максималдуу мүмкүнчүлүктөр түзүлөт.

Тараптар биргелешкен аракеттерди активдештирүү учуру келгенин белгилешти.

Количество просмотров: 107