• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Кыдыралиев: Матраимовдун күнөөсү барбы же жокпу сот чечет

24 Бирдин айы 2021 16:02 Бишкек Govori.TV

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Раим Матраимовдун үнөөсү барбы же жокпу сот чечет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Умбеталы Кыдыралиев билдирди.

Анын айтымында, азырынча бир нерсе айтуу эрте.

«Райымбек Матраимовго байланыштуу тергөө иштери жүрүп жатат, күтүп туралы. Биз укуктуу өлкөдө жашайбыз. Тергөө амалдары бүткөндөн кийин Матраимовдун күнөөсү барбы же жокпу сот чечип, өкүм чыгарат»,-дейт депутат.

Эске салсак, Бишкектин Биринчи май райондук соту 11-февралда Райымбек Матраимовду «Коррупция» беренеси менен күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып пул чегерген. Ал Бажыда коррупциялык схема түзгөнүн моюнуна алып, буга чейин бюджетке 2 млрд. сом төккөн. Матраимовго карата соттун чечими жарандык коомдун нааразылыгын жаратып, 14-февралда Бишкекте аны камакка алууну талап кылган акция өткөн. Кийин Райымбек Матраимов кирешелерди мыйзамдаштыруу фактысы боюнча кайра эки айга камалды.

Количество просмотров: 108