Депутат Алмаз Токторов транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиловго Грузиянын экс-президенти, Украинанын Одесса облусунун мурдагы губернатор Михаил Саакашвилини мисал келтирди.
“Саакашвили Одесса облусуна губернатор болуп барганда авиабилеттерди 3 эсе түшүрүп койгон, күчкө салып эле. Коррупциялык схемалар бар экен да демек. Биз деле бааны 4 миңге эмес 3 миңге чейин түшүрүп койсо болот”-деп билдирди депутат Алмаз Токторов.
Министр Калилов баа маселеси дагы карала турганын айтты.
Эске салсак, Бишкек-Ош авиакаттамында 1-декабрдан тарта билеттерди 4 миң сомдон ашырбоого эки компания макул болгонун, ал эми бир компания макул болбой жатканын айткан.