• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Кыргыз өкмөтү үч түрмөнү жапты

27 Теке 201810:11 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 27.07. 2018. Govori.TV
Кыргыз Өкмөтү Мамлекеттик Жазаларды аткаруу кызматына тиешелүү үч жатак-абакты жабуу боюнча чечим  чыгарып, тиешелүү токтомго премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Анда белгилүү болгондой, Бишкектин Орозбеков көчөсүндө жайгашкан № 35-жатак-абак, Чүйдүн Ново-Павловка айылында жайгашкан № 37-жатак-абак жана молдовановка айылындагы № 48-жатак-абактар расмий түрдө ишин токтоткон.
Эске сала кетсек, буга чейин аталган кызмат бул жатак-абактардагы соттолуучулардын санынын кескин аздыгынан улам, ал ал мекемелерди инвесторлорго сунуштап, өндүрүш ишканаларына айлантуу сунушун берип келген.
Количество просмотров: 15