• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Кыргыз ССРнин Эл артисти Күлбүбү Мадемилова көз жумду

27 Теке 201816:22 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 27.07. 2018. Govori.TV
Бүгүн, 27-июлда Кыргыз ССРнин Эл артисти, прима балет бийчиси Күлбүбү Мадемилова 89 жашында дүйнө салды. Бул тууралуу анын жакындарынан белгилүү болду.

Өз өмүрүн прима-балет искусствосуна  арнаган Күлбүбү Мадемилова акыркы айларда оорусунун айынан кыйналып, төшөккө жатып калганы белгилүү болчу.  Ал эми маданият министрлигинин маалымат кызматы болсо, Кыргыз ССРнин Эл артистин акыркы сапарга узатуу митинг-реквиеми  29-июлда саат 10:00дө ал иштеген Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында өтөөрүн, сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлаарын бышыктады.
Количество просмотров: 22