• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Кыргыз-тажик чек арасында чатак чыкты «Видео»

3 Чын куран 2018 18:27 Бишкек Govori.TV

Бишкек.03.04.2018.Govori.TV

Баткен районунун Ак-Татыр айыл аймагындагы Үч-Дөбө кыштагынын Тажикстан менен чектеш аймагында кыргыз-тажик жарандарынын ортосунда жер талаштан улам чатак чыкты.

Маалыматтарга караганда, кыргыз тарап чек ара тилкесин тосууга аракет кылган. Бирок ага Тажикстандын тургундары каршылык билдирип, натыйжада чатакташып кетишкен. Эки тараптан тең ондогон адамдар чогулуп, таш ыргытыша кетишкен. Учурда эки тарапта тең адамдар топтолуп турганы кабарланууда.

Бул боюнча маалыматты жергиликтүү бийлик өкүлдөрү ырастап, окуя чыккан жерде күч кызматтары жүргөнүн, алар кырдаалды көзөмөлдөп турганын кабарлашты. Мамлекеттик чек ара кызматы да фактыны ырастап, бир аздан кийин толугураак маалымат берерин билдирди.

Количество просмотров: 33