• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Кыргыз тоолорунда кырсыкка учураган казак туристтерин Казакстандын куткаруучулары алып кетти

1 Баш оона 201810:38 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 01.08.2018Govori.TV

Кыргызстанда кырсыктаган туристтерди куткаруу үчүн Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тик учак жөнөттү. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Дүйшөмбү күнү Скрябин мөңгүсүнүн аймагында казакстандык, орусиялык жарандардан турган туристтик топ тоодон кулаган таштардын соккусунда калган. Жети кишиден турган топ 4100 метр бийиктиктеги тоодо саякаттап жүрүшкөн. Казактандык жарандарды куткаруу үчүн Казакстандын куткаруучулары Кыргызстанга МИ-171 тик учагы менен учуп учуп келип куткарышты.

ӨКМдин маалыматына ылайык, кырсыктаган туристтердин бирөөсү каза болуп, дагы бирөөсү оор абалда, туристтердин дээрлик баары жабыркаган. Казак куткаруучулары кырсык болгон райондон өз жарандарын алып чыгып кетишти.

Количество просмотров: 13