• Жума 5 Кулжа 2026
  • Пятница 5 Июнь 2026

Кыргызстанда 5-9 январда кар жаашы күтүлөт

4 Үчтүн айы 201816:19 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 04.01.18. Govori. TV  

5-9-январда Кыргыз Республикасынын аймагында  кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМ маалымат кызматы  билдирди.

5-январда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт Ысык-Көл, Нарын облустарында түнкүсүн айрым жерлерде, күндүз көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшүп жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 2-7 м/с.

6-январда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаашы күтүлөт, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт, 6-январда күндүз жана 7-январда Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт жана Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.


8-9-январда кээ бир тоолуу райондордо бир аз кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с түзөт. 

 

 

Количество просмотров: 16