• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Кыргызстанда бензин кымбаттады

5 Кулжа 2018 18:49 Бишкек Govori.TV
Бишкек.05.06.2018.Govori.TV.
Өкмөткө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылдын башынан бери карай республикада КММ карата чекене баа орточо алганда 5,8 % га жогорулады. Бул тууралуу күйүүчү-майлоочу материалдар (КММ) рыногундагы абал боюнча кеңешмеде айтылды.
«Россиялык мунайды кайра иштетүүчү заводдордун кое берилген дүң баасынын жогорулашынын натыйжасында баа көтөрүүлүүдө. Орун алган абалдын негизги себеби болуп, бир катар россиялык мунайды кайра иштетүүчү ишканалардын 2017-жылдын октябрь айынан тарта оңдоо иретинде ишин токтотушу саналат. Натыйжада, башка мунай өндүрүүчү заводдор мунай өндүрүү көлөмүн арттыргандыгына карабастан, рыноктогу баа жогорулоого дуушар болду», деп айтылат өкмөтүн аппаратынынмаалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн маалыматында.
КММ карата баанын көтөрүлүшүнүн башка фактору катары мунайга карата дүйнөлүк баанын жалпысынан жогорулашы себеп болду. Чийки мунайга карата баанын үзгүлтүксүз жогорулашы алты жумадан бери карай уланууда. 2018-жылдын май айында гана баанын өсүшү 9-10% түзүп, акыркы 3,5 жылда алгач ирет баррелине 80 доллардан жогору болуп, Европа мамлекеттеринде мунай продуктуларынын наркынын кескин жогорулашына алып келди.
Кеңешмеде аталган факторлордон улам россиялык мунай продуктусун европалык багытта экспорттоонун мааниси күч алгындыгы баса белгиленди. Эгерде апрель айында Санкт-Петербургдун товардык-сырье биржасында мунайдын тоннасы 711 АКШ долларын түзсө, май айында анын баасы  825 АКШ долларын түзгөн.
Кеңешме жыйынтыгы боюнча Өкмөткө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигине КММ рыногундагы баанын абалы, КММ карата баанын түзүлүшүндө чыгымдардын курамы боюнча мониторинг жүргүзүү тапшырылды.
Буга катар Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине атамекендик мунай өндүрүү ишканаларынын өндүрүштүк кубаттуулугун жогорулатуу жана аларды толук жүктөм менен камсыздоо үчүн чараларды кабыл алуусу тапшырылды.
Количество просмотров: 41