Кыргызстанда эс алуу күндөрүндө доллардын баасы 70 тыйынга көтөрүлүп, 69 сомго жетти.
Бүгүн борбодун акча алмаштыруу жайларында долларды сатып алуу 68,5-68,9 сомдон болсо ал эми аны кайра сатуу 69,2-69,35 сомду түзүүдө.
Доллардын наркы өткөн аптада Евразиялык экономикалык союздун өлкөлөрүндө жогорулай баштаган. Буга себеп катары АКШнын Россияга карата санкцияларынын катуулашы жөнүндөгү кулактандыруу болду.
Биринчилерден болуп Россия рубли арзандап 2016-жылдын ноябрынын даражасына түшкөн. Буга жанаша эле казак тенгеси да кескин ылдыйлап азыркы күндө 1 доллар наркы 350 тенгени түздү.