• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Кыргызстанда ири жыландардын пайда болгону боюнча ӨКМ маалымат берди

6 Теке 2018 14:25 Бишкек Govori.TV
Бишкек.06.07.2018.Govori.TV
ӨКМдин маалымат кызматы Кыргызстанда ири жыландардын пайда болгону жөнүндө маалымат таратпаганын айтып чыкты.
Күндүн ысыганына, жана тез-тез жаан жаап тургандыгына байланыштуу биздин республикада мурда болбогон жыландар пайда болду. Балдарды белгисиз көлмөлөргө, дарыяларга жибербөөнү суранабыз, деген маалыматтар ӨКМ тарабынан таратылып жатат, деп «WhatsАpp аркылуу жөнөтүлгөн.
«Республиканын ар кайсы жагынан элдер, балыкчылар телефон чалып өлкөдө мурда байкалбаган, узундугу 1 метрден 4 метрге жеткен жыландар пайда болгонун кабарлап жатышат” – бул маалымат чындыкка дал келбейт, мындай маалыматты ӨКМ тараткан эмес»,- деп айтылат маалыматта.
Бирок WhatsАpp аркылуу таратылган билдирүүгө тиешеси жок, Ивановка айылынын тургуну Чынара Алиева Govori.TV сайтына видео кайрылуусун жөнөтүп. Ивановкадагы көп кабаттуу үйдүн ордунан жыландын уюгу пайда болуп коркунуч жаратууда деп кайрылган. Азырынча маселе чечиле элек.

 

//govori.tv/?p=24245

Количество просмотров: 42