• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Индияда кичинекей бала жыланды тиштеп өлтүрдү

22 Баш оона 20242:00 Бишкек Govori.TV

Бул окуя көпчүлүктү таңгалдырып жатканын Hindustan Times гезити жазып чыкты. Маалыматка караганда, Бихар облусунун Ражаули районунда 1 жаштагы баланын үй-бүлөсү, баласы ойноп жатып эле жыланды тиштеп өлтүргөнүн билдирген.

Жыландын уусунан чоочулаган үй-бүлө, окуядан кийин баланы ооруканага жеткиришкен. Саламаттыкты сактоо кызматкерлери баланын абалы жакшы экенин, ушул учурда аймакта уусуз жыландарды көп көрүүгө болоорун айтышкан.

Количество просмотров: 285