• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Кыргызстандагы Орусия элчилиги: “Кубанычбек Кулматов Орусиянын жараны эмес”

27 Теке 201815:26 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 27.07. 2018. Govori.TV
Кыргызстандагы Орусия элчилиги камакта жаткан Кубанычбек Кулматовдун орус жарандыгын жоктугун билдирген. Бул тууралуу анын жактоочусу Сергей Слесарев билдирди.
Анын сөзү боюнча, Кыргызстандагы РФнын элчиси Андрей Крутько жактоочунун суроосуна жооп кылганда бул ачыкталган. “Элчи өз каналы аркылуу РФнын тиешелүү органдарына суроо жөнөтүп, натыйжада К. Кулматов аттуу кыргызстандык жарандын эч кандай орус жарандыгын албагандыгын кат жүзүндө тастыктады. бул, тергөө менен прокуратура органдарынын жашырып келген маалыматын ачыктап, бул кылмыш иши башынан эле фактысыз экенин көрсөттү.  Бирок, өз учурунда так ушул жактан анын баш коргоо чарасынын камакта калышына шарт түзгөн болчу. Бул деген сот тарабынан кетирилген мыйзамды бузуучулук”,-дейт ал.
Эске сала кетсек, мурдагы бажы башчы Кубанычбек Кулматов  ТБЕА компаниясынын каражатына мектеп салдырууда жемкорлукка айыпталып, УКМКнын камагында отурат.
Количество просмотров: 22