Маалым болгондой, спортчу бүгүн, 13-февралда 1,4 чакырым аралыкка жарышка түшкөн. Мырзалардын жарышынын (спринт) квалификациялык раундуна 80 спортчу катышып, ар бир 15 секунд сайын аралыкка өзүнчө старт менен кетип жатышты.
Т.Жаркымбаев 76-номур менен жарышка түшүп, белгиленген аралыкты 4 мүнөт 5,99 секундда басып өттү. Ал бул жыйынтык менен 79-орунга ээ болуп, турнирдин чейрек финалдык баскычына чыга алган жок.
Спортчу үчүн 2018-жылдагы кышкы Олимпиада оюндары жыйынтыкталды. Ал эми, 18-февраль күнү тоо лыжачы Евгений Тимофеев жарышка түшөт.