• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Кыргызстандык Шевченко чемпиондугун сактап калды

23 Чын куран 2018 8:04 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 23.04. 2018. Govori.TV

Кыргызстандык мушкер кыз Антонина Шевченко АКШда өткөн таймашта тай бокстун Lion Fight версиясы боюнча дүйнө чемпиону наамын коргоп калды. Бул тууралуу аталган спорттун дүйнөлүк сайты жазып чыкты.

Анда белгилү  болгондой Кошмо  штаттардын Коннектикут шаарындагы эл аралык турнирде 11 беттеш өтүп, анын бири кыргызстандык Антонина Шевченко менен австралиялык Клэр Бакстердин ортосунда болгон. Беттештин жыйынтыгында калыстар бир ооздон жеңиши мекендешибизге ыйгарган.

Эске сала кетсек, ал тай бокс боюнча 12 жолу дүйнө чемпиондугун жеңип отурат.

 

Количество просмотров: 60