• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кыргызстандын Казакстандагы мурдагы элчиси Эсенгул Өмүралиев дүйнө салды

26 Бирдин айы 201810:14 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 26.02.2018. Govori.TV.

Коомдук ишмер, мурдагы вице-премьер-министр Эсенгул Өмүралиев дүйнө салды. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.

Маалыматка ылайык, маркум узак убакыттан бери катуу ооруп жүргөн.

Эсенгул Өмүралиев 1950-жылы Ысык-Көл облусунда Тоң айылында туулган. Фрунзе Политехникалык институтун бүтүргөн соң Электро-механика илимий изилдөө институтунда бир нече жыл иштеген.

Кыргызстандын эгемендик жылдарында бир нече жолу министрлик, эки ирет вице-премьер-министр, Жогорку Кеңештин депутаты жана Ысык-Көл облусунун губернатору болуп иштеген.

2016-жылга чейин Кыргызстандын Казакстандагы элчиси болуп эмгектенген.

Эсенгул Өмүралиев 68 жаш курагында каза тапты.

Маркум менен коштошуу зыйнаты 27-февралда Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында өтөт. Сөөгү Бишкектеги “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлат.

Количество просмотров: 40