Бишкек.24.07.2018.Govori.TV.
Кыргызстандын тоолорунда чанда бир кезикчүү уникалдуу «Лотос», кооз ири гүлдүү суу өсүмдүгүнүн бир түрү гүлдөй баштады. Бул тууралуу Gde.kg саякатчылар клубу жазып чыкты.
«Карлуу лотос» гүлү жаратылышта чанда эле кезигет. Ал деңгиз деңгээлинен 3000-4500 м бийиктиктеги капчыгайлардагы аскаларда өсөт. Жоголуп кетүү коркунучун туудурган гүл 1985-жылы Кыргыз Республикасынын кызыл китебине киргизилген.