• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Кырсыктан улам оң бутунан ажыраган 1 жаш 8 айлык кыз жакында үйүнө чыгарылат

28 Бирдин айы 2018 14:23 Бишкек Govori.TV
Бишкек.28.02.18.Govori.TV
Кыз 2 жарым жашка чыккандан кийин гана бутуна протез салынат. Азыр кызга болгону  1 жаш 8 ай гана болду.  Бул  туурасында Govori.TV сайтына №3 балдар ооруканасынын башкы дарыгери Талантбек Өмүрбеков билдирди.
«Азыркы учурда кыздын абалы жакшы болуп калды. Жанында чоң апасы, дарыгерлер  карап жатат. Жакынкы күндөрү үйүнө чыгарабыз. Азыр өзү жаңы кыймылдап баштагандыктан бүтуна протез 2 жарым жашка чыкканда кийин гана тагылат. Азыр ага болгону  1 жаш 8 ай гана болду» -дейт дарыгер.
Эске салсак, ушул жылдын 9-февралында  Мерседес үлгүсүндөгү унаа Элебесов көчөсүнөн түндүк тарапты көздөй баратып Витебский көчөсү менен кесилишкен жерден Тойота унаасы менен сүзүшкөн. Андан соң башкаруусун жоготкон Мерседес жолдон баласын көтөрүп бараткан 34 жаштагы аялды сүзүп кеткен.
Кырсыктын кесепетинен жабырлануучу алган жаракатынан улам ооруканага жетпей каза болуп,  1 жаш 8 айлык кызы оң бутунан толугу менен ажырап калган.

Кырсык болгон жерден Мерседес үлгүсүндөгү маршруттук унаанын ээси Ж.Р. аттуу жаран кармалын,  2 айга камакка алынып, кылмыш иши козголгон.

https://www.facebook.com/LiveTalant/videos/553219375058841/

Количество просмотров: 4