• Шаршемби 22 Теке 2026
  • Среда 22 Июль 2026

Кыймылсыз мүлккө укуктарды мамкаттоо онлайн режиминде жүргүзүлөт 

17 Бирдин айы 202414:13 Бишкек Govori.TV

Пилоттук долбоордун алкагында кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоо онлайн режиминде жүргүзүлөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, тиешелүү чечим КР министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында кабыл алынды.

Бул пилоттук долбоорду 2024-жылдын 1-мартынан 31-декабрына чейин өткөрүү милдети Санариптик өнүктүрүү министрлигинин координациясында КР министрлер кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттикке тапшырылды.

Документ кыймылсыз мүлккө укуктарды онлайн режиминде мамлекеттик каттоонун убактылуу тартибин бекитти.

Токтом санариптик технологияларды өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, КР жарандарына санариптик форматтагы кызматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо максатында кабыл алынган.

Количество просмотров: 103